Бишкек шаарын вице-мэр башкарууда
Бөлүшүү:
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго коронавирус жугуп, обсервацияда дарыланып жатканына байланыштуу, анын милдетин убактылуу биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарууда. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Шаардык жана ыкчам штаб штаттык режимде иштеп жатат. Бардык кызматтар жана акимдер өз милдеттерин аткарууда», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 20-июнда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
Ссылка: https://barometr.kg/lknn-kee-bir-rajondorunda-mezgil-mezgili-menen-zhaan-zhaajt
Добавить комментарий ×