Өлкөдө туризмди өнүктүрүүчү мамлекеттик ишкана түзүлдү
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы түзүлүүдө. Ал өлкөнүн туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчикте турган санаториялык-курорттук уюмдарды рационалдуу пайдалануу максатында уюштурулууда.
Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
«Кыргыз туризм» туризм тармагындагы мамлекеттик жана аймактык деңгээлдеги саясаттын аткарылышын камсыздаган механизмди түзүү, туристтик, экскурсиялык, мейманкана жана тармакка тийиштүү тейлөөлөр рыногун өнүктүрүү, туристтик бизнести өркүндөтүүгө инвестицияларды тартуу, мамлекеттик менчикте турган туристтик объектилердин, сервис-борборлордун инфраструктурасын модернизациялоо милдеттерин алат.
«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген Уставга ылайык жүргүзөт.
Ишкананын директору Өкмөт башчысы тарабынан эки жылдык мөөнөткө кызматка дайындалат жана андан бошотулат.
Ссылка: https://barometr.kg/lkd-turizmdi-nktrch-mamlekettik-ishkana-tzld
Добавить комментарий ×