Кыргызстанда коронавирустан дагы 7 адам каза болду

30 июнь 2020 10:10 1522 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабка таянып "Барометр" билдирет.

1. Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (55 жашта эркек киши, 76 жаштагы эркек киши);

2. Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 2 (70 жаштагы аял киши, 49 жаштагы аял киши);

3. №2 Клиникалык төрөт үйүнөн  – 1 (27 жаштагы аял киши);

4. Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (44 жаштагы эркек киши);

5. Кыргыз-Түрк-достук ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши).

Жалпы каза болгондордун саны 57ге жетти.

2020-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 5 296 учур катталды.
 Стационарда – 721, алардын ичинен реанимацияда – 23, үй карантининде дарыланып жаткандар – 2 148, ооруканадан чыгарылды – 2 370, каза тапты – 57.

Ссылка: https://barometr.kg/lkd-sutka-ichinde-7-bejtap-kaza-boldu



Добавить комментарий