Өлкө боюнча үч инфекциялык оорукана курулуп жатат
Өлкө боюнча үч инфекциялык оорукана курулуп жатат. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
"Республика боюнча 14 саламаттык сактоо объектеринин курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүүдө", - деп билдирди КР өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров.
Директор региондор боюнча объекттердин саны жана каржылоо жөнүндө айтып берди:
"Капиталдык салымдар" боюнча эки объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен (Жалал-Абад шаардык оорукана жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Чайчы айылындагы оорукана);
Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында тез курулуучу үч инфекциялык оорукананы куруу жана республика боюнча тогуз объектти капиталдык оңдоо жумуштары "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун" каражатынын эсебинен каржыланат. Учурда бардык объекттилер боюнча каржылоо ачылып, курулуш жана оңдоо-түзөө иштери толугу менен жүрүп жатат.
Аталган объекттерге жалпысынан 206,5 млн. сом акча каражаты ачылган, анын ичинде:
Республикалык бюджеттин эсебинен 21,0 млн. сом;
Фонддун эсебинен 185,5 млн. сом (каржылоо 2020-жылдын 19-августунда башталган)
Ссылка: https://barometr.kg/lk-boyuncha-ch-infekciyalyk-oorukana-kurulup-zhatat
Добавить комментарий ×