Боронов: фермерлерге лиззинге асыл тукум малдар бериле баштады

27 февраль 2020 11:28 582 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Быйыл өлкө аймагындагы жалпы айдоо аянттары 1,19 млн гектарды түзөт. Ушу тапта дыйкандарды сапаттуу үрөн, жер семирткич, күйүүчү май менен камсыз кылуу, айыл чарба техникаларын жаңыртуу, ирригациялык тутумдарды оңдоо чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

«Азыр «Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоору ишке киргизилип, дыйкандар 6 пайыздуу үстөгү менен жеңилдетилген насыяларды ала баштады. Быйыл 395 миң тонна семирткич керектеле турган болсо, азыр кампаларда анын 30 миң тоннасы бар. 40 тонна күйүүчү май керектеле турган болсо, анын 30 пайызы даяр. Жалпы үрөн даярдоого 64 млн сом каралган. Кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү 99 пайызга, беде үрөнү 94 пайызга далдалды», - деди Кубатбек Боронов.

Мурда лизигге айыл чарба техникалары эле берилип келсе, өткөн жылдан тарта асыл тукум малдар бериле баштаганы белгилүү болду. 

«Мисалы, Чүй облусундагы «Чабрец» чарбасы Европадан асыл тукум уйларды алып келди. Ошондой эле, дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу чараларына да өзгөчө көңүл бурулууда. «Токтогулда» суу аз, калган суу сактагычтардын баары толтурулду. Ирригациялык каналдарды тазалоого 20 млн сом бөлүндү», - деп кошумчалады биринчи вице-премьер.

Ссылка: https://barometr.kg/lizzinge-fermerlerge-asyl-tukum-maldar-berile-bashtady



Добавить комментарий