Lira Seven: "Майдаланып, жеп жутарларга айланып кеткен эмес, Манас баатырдын экинчисин төрөйм"

21 июль 2020 14:13 1396 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эпатаждуу образдары менен таанылган ырчы Lira Seven Манас баатырдын экинчи версиясын жарык дүйнөгө алып келүүнү кыялданып жатат. Бул тууралуу ырчынын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Анда каны бузукулардан төрөлгөн, майдаланып, жеп жутарларга айланып кеткен уул эмес, Манас баатырдын экинчи версиясын жарык дүйнөгө алып келүүнү көздөөдө.

“Каны бузукулардан төрөлгөн, майдаланып, жеп жутарларга айланып кеткен, жерин саткан душмандардын кейпин кийген, малайлар сыяктуу, айла жок, шордуу байкуш калкка айланган, азыркы 21 - кылымдын "чумасын", "аты тескер" итирейген коронавируска башын тез ийип берген, ошонун жыштыгына кирген, духу жок калкка айланган түрүбүздөн айрылып, тескерисинче Манас баатырдын духу жетпей жататбы деп ойлойм. Элдин башын бириктирген, намыстуу, таза калкты тарбиялаган, үй-бүлө системасын оңуна келтирген, карайлап, талаалап кеткен улуу кыргыз калктын башын бириктирген, таланттуу, Манас баатырдын экинчи версиясын мен 34 жашымда туугум келип кыялданып жатам. Балким периштелер мага жардамга келээр. Экинчи версияс аябай вундеркинд, дүйнө жүзүнө дүңгүрөтүп кыргыз элинин таарыхын, улуу мурасыбызды, маданиятыбызды, эпосубузду кайра тааныткан, алдырып ийген жерин кайра кайтарып алган, дүйнө жүзүндө жок биздин Ала-Тоолордон чыккан алтындарын, кендерин кайтартып алгандай супер уул төрөгүм келип, жаратканымдан суранып, кыялданып, тилек кылып жатам”, - деп жазган ырчы.

Белгилей кетсек,  Lira Seven лакап аты менен ырдап чыккан ырчы айымдын өз аты Лира Урманбетова.

Ссылка: https://barometr.kg/lira-seven-majdalanyp-zhep-zhutarlarga-ajlanyp-ketken-emes-manas-baatyrdyn-ekinchi-versiyasyn-trjm



Добавить комментарий