Эмгек мигранттарынын балдары жөнүндө жүрөк ооруткан социалдык ролик
Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы эмгек мигранттарынын балдары тууралуу жүрөк ооруткан социалдык ролик тартты. Бул тууралуу аталган райондук милициянын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы аялуу топтун көбү эмгек мигранттарынын балдары. Алар зордук-зомбулукка көбүрөөк кабылышат, адатта, балдарын туугандарына же алыс таанышына убактылуу калтырып кеткендердин балдары көбүнесе кордук көрүп келишет. Ата-эненин жоктугу балада көптөгөн психологиялык жана социалдык көйгөйлөрдү жаратат. Ошондой эле, мындай балдар физикалык коркунучтарга көбүрөөк кабылышат, балдардын кичинекей кезиндеги муктаждыктарына көңүл бурулбай калгандыгынан, балдар тийиштүү камкордукту жана коргоону сезбегендиктен, алардын нааразычылыгына, тынчсыздануусуна жана көңүл калуусуна алып келген психологиялык жаракатка алып келет”, - деп жазылат видео тасманын алдына.
Добавить комментарий ×