Ленин районунун эки тергөөчүсү пара алып жаткан учурда кармалды
Бишкек шаарына караштуу Ленин районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү 300 доллар пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка караганда, 7 март күнү болжол менен саат 23:40 чамасында ИИМдин ички иликтөө кызматы жана МУККнын Тергөө кызматы менен биргеликте Ленин райондук ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын кенже лейтенанты М.О. жана ушул эле бөлүмдүн тергөөчүсү милициянын лейтенанты А.Б. кылмыш ишин токтотуу үчүн 300 доллар опуза талап кылуу учурунда кармалган.
Кармалгандардын бири МУКК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
"ИИМ өз катарын таза эмес кызматкерлерден тазалайт жана мыйзам бузгандар жазадан кутулбайт. Коррупцияга каршы ИИМдин жетекчилигинин көз карашы эч качан өзгөрүлбөйт – мыйзам бузгандар жоопкерчилике сөзсүз түрдө тартылат.
Бул боюнча Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев дайыма милициянын кадыр баркын кетирген, пара алган, мыйзам бузган кызматкерлерге карата тазалоо жүргүзүү үчүн талап койуп келет. Ошондой эле ИИМдин Ички иликтөө кызматы таза эмес кызматкерлерди табууга максатталган алдын алуу жана тарбия иштерин жүргүзүп келет. Бул болсо ИИМдин принципиалдуу көз карашы болуп эсептелет",- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/lenin-rajonunun-eki-tergchs-para-alyp-zhatkan-uchurda-karmaldy
Добавить комментарий ×