Лейлектеги атышууну жектеп чыккандарды милиция кармап кетти

17 сентябрь 2019 12:36 1764 Barometr
Бөлүшүү:
ok





Баткендин Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арадагы окуяга байланыштуу Бишкекте чогулган жаштардын бир канчасын милиция кармап кетти. Калгандарын күч менен таратты.

Бул тууралуу демилгечи жаштар тарткан видеого жазылды. Социалдык тармактын колдонуучусу Айкут Конушбайдын айтымында, 5 баланы, анан ичинде өзүн да милиция кармап кетти. Аларды Биринчи май райондук сотуна алып барышкан.

Милиция акция тууралуу мэрияга кабар берилбегендигин, ошондуктан бул иш чара мыйзамга туура келбесин себеп кылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/lejlektegi-atyshuunu-zhektep-chykkandardy-miliciya-karmap-ketti



Добавить комментарий