Лейлекте күйүүчү майды Тажикстанга алып өткөн шланг табылды
Бөлүшүү:
Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары кыргыз-тажик чек арасы аркылуу күйүүчү-майлоочу майды алып өткөн шлангды табышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашканын ”Барометр” билдирет.
Шланг Интернационал айылында аткезчиликке каршы жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө табылды.
Чек арачылар ошондой эле күйүүчү майдын калдыгы менен жүк унаасынын изин табышты.
Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин шланг жок кылынды.
Ссылка: https://barometr.kg/lejlekte-kjch-majdy-tazhikstanga-alyp-tkn-shlang-tabyldy
Добавить комментарий ×