Өзгөчө жасалгаланган. Жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүсү жарыяланды (сүрөт)

15 декабрь 2020 16:16 802 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы биометрикалык жалпы жарандык паспорттун үлгүлөрүн жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мамлекеттик каттоо кызманынан билдиргендей, бланктардын, коопсуздук элементтеринин жана жасалгалоонун сапатын текшерүү иштери башталды.

2020-жылдын 29-майында МКК менен жеңүүчү компания Mühlbauer ID Services GmbH (Германия) ортосунда электрондук паспорттун бланкаларын жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.

Жаңы электрондук паспорттордо 30дан ашуун заманбап коопсуздук элементтери, паспорттун мукабасында электрондук чиптин болушу, заманбап материалдар жана жеке маалыматтарды колдонуу үчүн лазердик технологиялар колдонулган.

Жаңы паспортторду киргизүү 2021-жылдын биринчи жарымына пландаштырылган.

Чет мамлекеттин визаларын, мамлекеттик чек арадан өтүүдө чек ара бекетинин белгилерин, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук каттоосун каттоо же консулдук каттоодон чыгаруу жөнүндө белгилерин коюу үчүн арналган жалпы жарандык паспорттун барактарында Кыргыз Республикасынын региондорунун символдорунун сүрөттөрү камтылган.

Атап айтканда, төмөндөгүдөй сүрөттөр жарыяланган:

- Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтындагы Кыргыз улуттук тарых музейи;

- Манастын  эстелиги;

- Ош шаарындагы Сулайман-Тоо тоосунда жайгашкан музей-комплекси;

- "Айгүл" гүлү, уламыш боюнча, Баткен облусунун символу;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан ГЭСтер каскады;

- Нарын облусунда жайгашкан “Таш-Рабат” архитектуралык комплекси;

- Талас районундагы Манас баатырдын эстелик-кумбөзү;

- Чүй облусунун Токмок шаарына жакын жердеги Бурананын архитектуралык эстелиги;

- Ысык-Көл;

- Нарын облусундагы Теңир-Тоо тоолору.

Ошондой эле Кызыл китепке киргизилген жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жаныбарлардын сүрөттөрү бар.

Жарандык паспорттун арткы мукабасынын ички бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык картасынын кичинекей сүрөтү бар.

Ссылка: https://barometr.kg/lazerdik-tehnologiyalar-koldonulgan-kyrgyzstandyktardyn-zhalpy-zharandyk-pasportunun-zhay-lgs-zharyyalandy-srt



Добавить комментарий