Арбитраж "Stans Energy Corp" компаниясынын Кыргызстанга карата 6% доо талаптарын канааттандырды

23 август 2019 13:16 4281 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык арбитраж «Stans Energy Corp» жана ОсОО «Kutesay Mining LLC» компанияларынынКыргызстанга карата 6% кем доо талаптарын канааттандырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору кабарлады.

 Эл аралык арбитраж «Кутессай-II» жана «Калесай» кендерин өнүктүрүү боюнчатүз чыгымдардын айрымдарынын гана жана соттук чыгымдардын бир бөлүгүнүн ордунтолтуруу менен «Stans Energy Corp» жана ОсОО «Kutesay Mining LLC»компанияларынын Кыргыз Республикасына карата 6% азыраак доо талаптарынканааттандырды. Ошону менен бирге калган доо талаптарынан баш тартылды.

 Эскерте кетсек, 2015-жылы «Stans Energy Corp» жана ОсОО «Kutesay MiningLLC» компаниялары Кыргыз Республикасынын бийлигинин 2013-2014-жылдараралыгындагы «Кутессай-II» жана «Калесай» кендерин иштетүүгө берилгенлицензияны токтотууга байланыштуу, мыйзамсыз делген аракеттеринин натыйжасындакелтирилген зыяндын ордун толтуруу талабы менен Кыргыз Республикасына каршы эларалык арбитраждык процессти демилгелеген. 

 Иш боюнча угуу күнүнө карата 2018-жылдын апрелинде Париж шаарында (Франция)доогерлер тарабынан белгиленген талаптар пайызын эске алуу менен 304,23 млн АКШдолларын (чыгаша болду делген 128 млн АКШ долларын жана 175 млн АКШ долларынынтегерегиндеги  айланма капитал тартуунунбаасын кошкондо) түзгөн.

 Ошентип, 2019-жылдын 20-августунда арбитраждык трибунал чечим чыгарган. Агаылайык, доо талаптарынын суммасынан 6%га жакыны канааттандырылды. Тагыраагы 15млн АКШ доллары жана 2014-жылдан берки 5% пайыздык үстөк.

 Мындан тышкары арбитраж доогерлердин пайдасына соттук чыгымдарынын үчтөн экисин (үчтөн экиси 4 млн АКШ долларына чейинки каражатты түздү) төлөө чечимин чыгарды.

 Чечимдин суммасы доогерлерге кенди өнүктүрүү боюнча кетирген айрымсарптоолорунун ордун толтурууга багытталган. Доогерлердин калган талаптарынанбаш тартылды. 

 «Stans Energy Corp» компаниясы тарабынан арбитраждык чечим боюнча маалымат жарыяланган соң, Торонто биржа фондундагы (TSX) компаниянын акцияларынын баасы  баанын төмөнкү көрсөткүчтөн бир аз жогорулашына чейин, 70% ашык (акциясына 0,090 канада долларынан  0,025 чейин) төмөндөгөн.

 Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн юридикалык консультанттары («King& Wood Mallesons» компаниясы) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнөкүлдөрү мындан аркы аракеттердин стратегиясын иштеп чыгуу үчүн алынгана рбитраждык чечимди талдап жатышат. 

 Ошону менен катар кыргыз тарап «Кутессай-II» жана «Калесай» кендериништетүү укугу доогерлер тарабынан кызмат адамдарын паралоо жана паранын суммасын офшордук компаниялардын эсеби аркылуу «АзияУниверсал Банк» ААКгалегалдаштыруу аркылуу алган деген позициясында калууда.

 Мунун негизинде Кыргыз Республикасы доогерлер арбитраждык чечимди аткаруунукаалаган кайсы мамлекетте болбосун аны таанууга жана аткарууга келтирүүгө каршытурууга ниеттенүүдө. 

 Ошондой эле белгилей кетсек, кыргыз тарапка каршы аталган компаниялардындоо арызы боюнча Канадада жана Россия Федерациясында көп жылдардан бери соттукжана  арбитраждык соттошуулар болупкелген. Процесстер 2015-чи жана 2017-жылдары Кыргызстандын пайдасына аяктаган. 

 Эскерте кетсек, 2015-жылы Кыргыз Республикасы Москва шаарынын Соода-өнөржай палатасына караштуу Арбитраждык соттун окшош доо арыздары боюнча «StansEnergy Corp» жана «Kutesay Mining LLC» компанияларынын пайдасына 118 млн АКШдолларын төлөө чечимин жокко чыгартууга жетишкен. 

 2016-жылы Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ишканасынын «Центерра Голд»компаниясындагы 300 млн АКШ долларына жакын суммадагы акциясын камактанчыгарууга жетишкен.

 Россия жана Канадада болгон соттук териштирүүлөрдүнтарыхы боюнча маалымдама:

 Бир катар соттук териштирүүлөрдүн жана тийиштүү кылмышиштеринин натыйжасы катары 2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигининжана «Kutesay Mining» ЖЧКнын ортосундагы 2009-жылдын 21-декабрындагы №1736-H-09 протоколу жокко чыгарылып,  2014-жылдыноктябрында «Kutesay Mining» ЖЧКга №2488МЕ жана 2489М лицензиялары боюнча кендииштетүү укугун токтотуу боюнча билдирүү жөнөтүлгөн.

 Аталган компаниялар Москва Соода-өнөр жай палатасынакараштуу Арбитражда арбитраждык процессти демилгелешкен. Мында 2014-жылдыниюнунда чечим чыгарылып, көрсөтүлгөн компаниялардын пайдасына кыргыз тараптандээрлик 118 млн АКШ доллары өлчөмүндө төлөм төлөө чечилген. 

 Бирок 2015-жылдын апрелинде Москва шаарынын Арбитраждыксоту дээрлик 118 млн АКШ доллары өлчөмүндө төлөм төлөө чечимин жокко чыгарган.Доогерлердин жогору турган 4 сотко (Россия Федерациясынын Жогорку Сотун кошуп)жокко чыгаруу чечимине даттануу аракеттеринен баш тартылган.

 2014-жылдын октябрында Канадада соттук процесстер болупөткөн. Анда Онтарионун Жогорку соту 2014-жылдын октябрында «Центерра Голд Инк.»компаниясындагы «Кыргызалтын» ААКнын акцияларын камакка алган.

 Бирок 2015-жылдын майында апелляциянын алкагында булчечим кайра артка кайтарылып, 2017-жылдын июнунда Канаданын Жогорку сотунунчечими менен биротоло ырасталган.

 

 


Ссылка: https://barometr.kg/l-aralyk-arbitrazh-stans-energy-corp-kompaniyasynyn-kyrgyzstanga-karata-6-kem-doo-talaptaryn-kanaattandyrdy



Добавить комментарий