Көзгө чөп салууга ыңгайлуу үч аял бар. Алар кайсылар?

12 апрель 2019 18:57 8151 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Солго кеткенди” жакшы көргөн адамдарды дагы психологдор категорияларга бөлүп коюшат экен.Алардын кулк-мүнөзүнүн, ой жүгүртүүсүнүн өзгөчөлүктөрү көп учурда ушундай ишке барууга себепчи болот дешет.

Бул ирет кандай мүнөздөгү аялдар жубайынын көзүнө чөп салып кетүүгө ыңгайлуу боло турганынын таанышып алыңыз.

1. Ханыша

Тамаша-чыны аралаш мындай аялды ханыша деп койсо болот. Ал өмүр бою идеалдуу, сонун, мыкты эркекти күтөт.Оюнун баары салонго барсам, жаңы косметика сатып алсам, гардеробумду жаңыртсам дегенде турат. Ал кандай болбосун өзүн күйөөмдөн жогору турам деп эсептейт, ошондуктан жок дегенде колу ачык, бай, келбетүү көңүлдөш тапмайын жаны тынчыбайт.    

2. Окуялуу жашоону жактыргандар  

Жогоркудагы аялдан айырмаланып мындай айымдар эркекке жакшы мамиле кылат. Анын болгон маселеси күнүмдүк бир беткей жашоодон тажап кетип өзүнө көңүл ача турган адамды издей баштаганында жатат. Ал узак убакыт мамиле түзүүнү деле каалабайт, убактылуу көңүл ачып ойноп күлүп жүрсө болгону. Өзү интеллекти анча жогору эмес келбеттүү мырзаларды издейт. Алардын чыныгы жашоосу менен кыялдагы жашоосу аралашып кеткендиктен кээде романтиканы каалап жатып кантип сол тарапка кеткенин билбей да калат.

 3. Жок деп айта албаган айымдар

Бул аялдар көңүлчөөк болуп эркектин даражасы жогору турат деп эсептейт. Алар көңүл ачыш үчүн эркектин айтканын угуш керек дегенден улам ушундай ишке барышы мүмкүн.  

Ошондуктан болочоктогу жубайыңызды тандаганда анын кулк-мүнөзүн жакшылап билүүгө аракет кылыңыз!

 

Ссылка: https://barometr.kg/kzg-chp-saluuga-ygajluu-ch-ayal-bar-alar-kajsylar



Добавить комментарий