Көзгө чөп салган жубайды кечирсе болобу?

27 декабрь 2018 13:22 2872 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Үй-бүлөдөгү көңүлдөштүктү кечирсе болобу? Башкача айтканда аялдын же эркектин көзгө чөп салуусу. Бул абал учурдун орчундуу маселелерин толуктайт. Мындай көрүнүш катталган учурда жубайлар эмне кылышы керек. Биротоло үй-бүлөлүк мамилени бузуубу же бири-бирене дагы бир ирет шанс берүү керекпи? Бул боюнча психолог жооп берет.

Албетте, жубайлардын мындай кадамга баруусу өтө кейиштүү окуя. Бул нерсени билиши менен жубайлар ортосунда дароо карама-каршылык сезими пайда болот. Мисалга: “Мен сени жакшы көрөм! Мен сени жек көрөм! Мени кучакта! Мага жакын жолобо! Бардык буюмдарыңы алып көзүмө көрүнбөй жогол! Сен мени дале болсо сүйөсүң!”,- деген сөздөр менен коштолот.

Жубайлардын өз ара эмоционалдык жактан башкара албай калган учурлар көп катталат.

Психолог көзгө чөп салгандан кийинки учурду үч этапка бөлөт.


1.Кризистик этап

Бул этап өтө кооптуу болуп саналат. Анткени жубайлардын жини кайнап, өздөрүн психикалык жактан башкара албаган учур. Бул этапта тынчтануу керек. Алдыдагы айкындык болушу шарт.

2.Ой жүгүртүү

Жубайлар өз алдынча ой жүгүртүүлөрү абзел. Эмне үчүн мен мындай кадамга бардым деп? Бул этапта экөө тең терең ойлонуш керек. Биз бири-бирибиз үчүн канчалык маанилүүбүз деп.

3.Элестетүү

Бул этапта жубайлар бизди бир багытта келечек күтүп жатабы же чындап эле башка-башкабы деп ойлонуп, бир чечимге келмекчи.

Анткени менен адистер жубайлардын ачууга алдырбай бир чечимге келүүсүн эскертет. Ортодогу балдарды ойлоо, жумуш, каржылык көз карандылык жана ден соолук.

Ссылка: https://barometr.kg/kzg-chp-salgan-zhubajdy-kechirse-bolobu



Добавить комментарий