Кемин шаарына жардамга муктаж 100 үй-бүлө үчүн үйлөр салынып, социалдык шаарча курулат

12 январь 2021 16:02 4162 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусуна караштуу Кемин шаарында 3 гектар жерге 100 үй-бүлө үчүн социалдык шаарча курулат. Бул тууралуу “Барометрге” Кемин шаардык кеңешинен кабарлады.

Кемин шаардык кеӊешинин төрагасы Кубат Мамыровдун айтымында, долбоор «HumanAppealInternationalUAE» фонду аркылуу каржыланууда.

Кечээ, 11-январь күнү аталган социалдык шаарчанын капсуласын салуу иш-чарасы болгон.

"Аталган фонддун өкүлү Жылдыз Ишеналиевага Кемин шаардык кеңешинин жана Кемин шаарынын мэриясынын атынан тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Ошону менен катары эле, фонддун иштерине ийгилик каалап, мындан ары да жакшы иштерди уланта берүүсүнө тилектешбиз", - деди Мамыров.

Ушуга утурлай эле, мугалимдер жана дарыгерлер  үчүн да үй курууну көздөп жатышканын айтты.

Белгилей кетсек, «HumanAppealInternationalUAE» фонду Кыргызстанда 2004-жылы негизделип, юридикалык каттоодон өткөн уюм. Аталган уюм коомдун социалдык өнүгүүсүнө көп көңүл буруп келет. Уюмдун негизги максаты жетим-жесирлерге жардам берүү жана аларды камкордукка алуу багытында иш алып барат .

Ссылка: https://barometr.kg/kemin-shaaryna-zhardamga-muktazh-100-j-bl-chn-jlr-salynyp-socialdyk-shaarcha-kurulat



Добавить комментарий