Көздүн алдындагы шишикке карата маска
1 бадыраңды эң майда сүргүчтөн өткөрүп алып, ширесин чыгарып, майдаланып тууралган петрушканы кошобуз. Аралышманы көздүн алдына 20-25 мүнөткө коюп, андан соң жууп майлуу крем сүйкөсүз. Эгер маска өтө суюк болуп калса, аны коюу кылыш үчүн картошка крахмалын кошсо болот.
1 чай кашык майдаланган петрушкага 2 аш кашык коюу сүт же каймак аралыштырабыз. Масканы көздүн алдына сүйкөп, 15-20 мүнөттөн кийин алып таштаңыз. Бул маскадан кийин нымдаштыруучу жана азыктандыруучу сыворотка сүйкөңүз.
Жашыл алманы майда сүргүчтөн өткөрүп, ал боткону кебезге жабыштырып алып, көзгө коюңуз. Бул масканы койгондон кийин 10 мүнөттөй коё туруп, жылуу суу менен жууп, майлуу крем сүйкөңүз.
Ссылка: https://barometr.kg/kzdn-aldyndagy-shishikke-karata-maska
Добавить комментарий ×