"Кызыл өрүк". Ырчы Мирлан Баеков "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды

7 ноябрь 2018 13:35 3475 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы, обончу, Мирлан Баеков маданият кызматкерлеринин күнүнө карата кечээ, 6-ноябрда "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасынан кабарлады.

Ырчы, обончу Мирлан Баеков окурмандарына:
"Көкүрөктө төш белги,
Колума тийди күбөлүк.
Кызматты кылып мекенге.
Өнөрдү сыйлап жүрөлүк.
Бүгүн КРнын Маданият министирлигинен "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алдык! Бул наам албетте сиздердин колдооңуздар менен. Буюрса дагы кыла элек жумуштарым, кызматтарым алдыда!" -деп жазды.

Эске салсак Мирлан Баеков репертуарындагы "Кызыл өрүк", "Ата тилеги", "Карындаш", "Кызганба" ырлары менен белгилүү.

Ссылка: https://barometr.kg/kyzyl-rk-yrchy-mirlan-baekov-madaniyattyn-mykty-kyzmatkeri-tsh-belgisi-menen-syjlandy



Добавить комментарий