Кызыл-Кыяда адамдарды кубалап сүзгөн кичи автобустун чоо-жайы белгилүү болду

1 октябрь 2020 13:04 1449 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Соц тармакта Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кичи автобус адамдарды кубалап сүзүп, бир нече адам унаа алдында калып, оор жаракат алды деген видео таркаган. Баткен ОИИБ маалыматты четке кагып, бир адам жабыркаганын айтты. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы “Барометрге” билдирди.

“Окуя, 25-сентябрь күнү саат 20:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө болгон. Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун жашыл түстөгү “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа койдуруп кетип, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен”, -деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Жазык кодексинин 297, 266 (жол кырсыгы), (ээнбаштык) беренелери менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Азыркы күндө автоунаанын ээси аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми окуя болгон жерден 28 жаштагы жаран денесинен жараат алып, жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн. Жабыркаган жаранга тийиштүү экспертизалар дайындалган.


Ссылка: https://barometr.kg/kyzyl-kyyada-adamdardy-kubalap-szgn-kichi-avtobustun-choo-zhajy-belgil-boldu



Добавить комментарий