Кыздын сыры: Издеген бактымды чет өлкөлүк жигиттен таптым

1 октябрь 2020 12:29 39293 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Барометрге” окурмандар жашоосундагы ар-түркүн окуяларды купуя кат аркылуу жөнөтүп турат. Бул жолу да Ош облусунун Ноокат районунун кызы чет өлкөдөн бизге жөнөткөн катын сунуштайбыз.

Таттуу балалыгым

"Менин балалыгым укмуштуудай жакшы өттү. Ата-энем жанымда, алар бактылуу өмүр кечирсе балдарына андан өткөн бакыт барбы. Атам менен апамдын урушуп, үйүбүздө ызы-чуу болгонун эч эстей албайм. Атам аялга кол көтөрүү дегенди билбеген жан. Алты баласын апама түртө салбай аябай камкор бакканын баары ушул кезге чейин айтышат. Ушундай ынтымактуу үй-бүлөдө улуусу кичүүсүнө, эркеги кызына болушуп, кам көргөн тарбияда өстүк. Ушундан улам бизде эртеңки күнгѳ тынчсыздануу, бир нерседен коркуу деген жок эле. Тилекке каршы, турмуш жолуна аттанган соң ар кимибизди ар кандай тагдыр тосуп, көзүбүзгө жаш алган күндөр болду. Баарынан бак айтпаган шордуусу мен болдум. Ата-энем менен бир туугандарымды беймазага салганым үчүн азыр да ичим тызылдап, көкүрөгүм эзилип кетет.

Тайкы тагдырым

Менин турмуш жолум окууну аяктап, жумушка орношкондон кийин башталды. Тагыраагы жумушума байланыштуу Марат аттуу  жигит менен таанышып калдым. Биздин компания менен Марат партнер эле. Кийин анын аракети менен жакындан таанышып, кыз-жигит болдук. Жаштыгым деле калган эмес. Улуу бир туугандарым эле эмес, иним үйлѳнүп, сиңдилерим да турмушка чыгып кетишкен. Ата-энем жалгыз бой жүргөн менин гана бактымды тилеп калышкан эле. Марат аябай сылык, камкор, баарын ойлонуштуруп турган жан экен. Мен үчүн кам кѳрүүсү адам суктанарлык эле. Жашоомдо ушундай жакшы адам пайда болгонуна кубанып, буга чейин сезип көрбөгөн кубанычтуу сезимге кабылып, бактылуу жүрдүм. Көп өтпөй турмуш курдук. Мен үчүн күндөр жомок болуп кеткендей эле болду. Тилекке каршы, жомогум өтө кыска болду.

 Бир күнү таң эрте ичиме тийген катуу соккудан атып турдум. Аябай чочуп кеттим. Марат маңдайымда калчылдап туруптур, сөгүнүп атат. Эмне болуп кеткенин эч түшүнбѳй алактап шашып калдым. Көрсө жумушка кийчү ак көйнөгү жуулбай калыптыр. Кече кечке конок тосуп жууганга жетишпей калгандыгымды айттым. Бирок ал айкырып туруп жаакка чаап жиберди. Айтпаган жаман сөздөр менен урушуп жумушуна кетти. Мен эч качан мынчалык ыза болуп көргөн эмесмин. Мени эч ким чапкан эмес. Керек болсо атам менен апам да чапкан эмес. Жаш балача озондоп ыйладым. Биздин ызы-чуудан ойгонгон кайненем баласын урушуп жатканын угуп аттым. Ал кеткен соң гана ваннадан чыктым. Кайненем мени күтүп отуруптур. Чынында, ал абдан жакшы адам. Мени сооротуп, уулунун ушундай ит кыялы бар экенин айтып капа болду. Эч кимге айтпай кечирип коюшумду суранды. Ыйлап-ыйлап калып калдым. Күн бою Мараттын байланышып, кечирим суроосун күттүм. Жок. Кечинде эч нерсе болбогондой келип, кадимкисиндей жүрдү. Эртең мененки окуяны унутуп салгандай тим эле. Бирок бир аз убакыт өткөн соң тамагың даамдуу болбой калды, туура эмес күлүп, туура эмес басып койдуң деп деле сайбай берди. Кечээ эле мени айланчыктап, алаканына салып жүргөн жигитимдин мындай күйөөгө айланып кетиши башымды маң кылды. Жарым жылдай кайненемдин кийлигишүүсү менен чыдадым. Достору, аяштары менен конокто олтурганда менин көзүмдү карап, айланчыктап турат. Анан эле үйдүн босогосун аттар замат, сен эмне мага досторумдун көзүнчө жакшы мамиле жасабайсың деп да уруш чыгарып урганга өттү. Элден бөлүнөрүбүз менен мындай мамиле кылганына ачуум кайнап, мен да албууттандым. Түн ортосу экенине карабай такси чакырып, ата-энеме кетүүгѳ камындым. Марат кебелбей: “Кетип эле кѳр. Ушулар тууралуу ата-энеңе айтып эле кѳр”, – деп чиренет. Баары бир тең да, ушул тоготпостугу бир тең болду. Кайненем болсо ортобузда күйпөлөктөп бир жалынып, бир урушуп чуркап жүрөт. Энесин деле тоготуп койгон жери жок. Кайненемдин кебин жерге калтырбайын деп ал түнү тынчып калдым. Марат эртең менен ишине кетери менен мен да чыгып кеттим. Атам менен апамдын алдына жетип буркурап ыйлап, болгонун айттым. Экөө эки жерде эрдин тиштеп, ойго тунуп калышты. Аларга мындай кайгы алып келгеним үчүн өзүмдү аябай жек кѳрдүм. Эки күндөн кийин Марат кайненем, улуу абысыным болуп келип кечирим сурап, убаданын түрүн айтып отуруп мени алып кетишти. Бир айдай тынч жашадык. Марат баягы адатын кайра баштады. Болбогон бирдемеге заматта ачууланат да, анысы адамды бир урмайын басылбайт. Бир урду дегенче токтоно албай калган жиндидей тепкилеп, колуна тийгенди талкалап жиберет. Анын бул кылыктарын жатка билип, чабарында буйтай качып, жеткирбей бекине калганга да үйрөнүп бүттүм. Марат токмогу токтогон жок. Эки жылда үйүмѳ канча жолу качтым. Эки ирет боюмдан түштү. Ыйымдан ата-энем да чарчап, мындай жашоого “чыда” дешке түтпѳй калышты. Акыркы жолу барганымда атам биротоло ажыраш деди да, адатынча ээрчишип келген күйөөм менен кайын журтумду босогону аттатпай узатты. Ошол эле күнү бир туугандарым менен барып кийим-кечемди алып келишти. Ушул кадам мени кадимкидей эс алдырды. Бир балээден кутулгандай жүрөгүм ылдыйлап, көңүлүм тынчыды. Артка кайтпаска өзүмө сөз бердим.

Жаңы жашоом

Ушул учурда мени япон  эли мени кызыктырды. Тилин үйрөнүп, жеринен таанышууга аябай кызыкдар элем. Борборубузда япон элинин дүйнөсүн көрсөткөн бир ишканада иштечүмүн. Бир күнү япон улутундагы кесиптешим кечки тамакка чакырды. Ошол күндөн биздин мамилебиз жакын боло баштады. Бир күнү ал мени жактырарын айтып таң калтырды. Ал жигиттин жакшы аракеттери токтобогондуктан “эмнеге кайрадан турмуш баштоого болбосун” деген ой жандана баштады. Бул кезде жалгыз бой жүргѳнүмѳ тѳрт жыл болгон. Оюм бышкан кезде ата-энеме айтса алгач эч нерсе дешпеди. Каршылыктары ушул го деп жүргѳн бир күнү “эгер ѳзүң бул кадамды туура деп тапсаң биз каршы эмеспиз. Кыргыздан ачылбаган бактың ошол япондон ачылар” дешти. Чын эле, кыргыздын кызыл камчысына кор болгончо, башка улуттун уулуна эркелеп жашасам жаманбы? Ушул ой мени чоң үмүткѳ жетеледи. Кѳп ѳтпѳй ал ата-энемдин алдынан ѳттү. Салт-санаа, жѳрѳлгѳлѳрүбүздү толук аткарууга аракет кылдык. Анан Япония  учуп кеттик.

Учурда Токиодо жашап, бизнес кылып жатабыз. Жолдошум мен ойлогондой кичи пейил, ак көңүл жан болуп чыкты. Бир уулдуу болдук. Буюрса жакынкы күндөрү Кыргызстанга барып, ата-эне, бир туугандарыма учурашып келейин деп жатам.

Ошондуктан жалпы кыздарга айтарым улут тандабай, адамдык сапаты бийик “адам” тандагыла демекмин".

Ссылка: https://barometr.kg/kyzdyn-syry-kyrgyzdyn-kyzyl-kamchy-zhigitine-kor-bolgoncho-bashka-ulutka-erkelep-zhar-bolgonum-zhakshy



Добавить комментарий