ИИМ: Кыздардын колу-бутун таңып, бычак менен коркутуп, 60 000 сомун алып кеткен кылмыштуу топ кармалды

14 январь 2021 17:24 1189 Barometr
Бөлүшүү:
ok


ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери башка бирөөнүн  мүлкүн ээлеп алуу максатында каракчылык менен кол салган резонанстуу кылмыш ишинин бетин ачышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Турак-жайларга кирип, карактоо жана тоноо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды.

“2021-жылдын 1-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамаларында Бишкекте белгисиз адамдар каракчылык менен кол салышкан. Алар жаш кыздар жашаган батирге кирип келишип, физикалык күч колдонушуп, коркутушуп, акча каражатын, баалуу буюмдарын талап кылышып, эки уюлдук телефондорун тартып алышкан. 

Тоноп алынган буюмдар аларга аз көрүнүп, жабырлануучунун банктык карточкасын дагы тартып алган. Банктык карточканын ПИН-кодун  билишкен соң,  жакынкы банкоматтан акча каражатын алууну көздөп жөнөгөн. Ал эми экинчиси кыздарды камап отурган. Картадагы бардык акча каражатын алышкан соң, шектүүлөр кетип калышкан. Жабырлануучулар кошуналарын жардамга чакырышкан. Каракчалык менен кол салуудан жабырлануучуларга 93 миңге жакын материалдык чыгым келтирилген.

Азыркы учурда Биринчимай РИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Бул кылмыш ишинин бетин ачуу, каракчылык менен кол салууга катыштыгы бар жарандардын өздүгүн тактоо жана кармоо максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тартылган. Жогорудагы кылмыш ишин аз убакыттын ичинде ачууга мүмкүн болду. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен шектүүлөрдүн өздүгү такталып, кылмыштуу топту кармоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Ушул жылдын 5-январында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отряды менен биргеликте шаардин ичиндеги автобекеттердин биринин аймагынан тоноо жана карактоо менен алектенген топту кармашты.  Кармалган жарандар Нарын облусунун тургундары 1995-жылы туулган К. уулу Б. Менен 1988-жылы туулган Д.Ж.  болот.  Соттун чечими менен кармалган жарандарга карата эки айга каммакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандылды”, - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, кылмышка тиешеси бар дагы бир жаранды кармоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Сотко чейинки өндүрүш уланууда. Бул кылмыштуу топтун башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kyzdardyn-kolu-butun-tayp-bychak-menen-korkutup-60-000-somun-alyp-ketken-zharandarga-karakchylyk-menen-kol-salgandar-karmaldy



Добавить комментарий