"Кыз бурак" тобунун дагы бир сулуусу Айтурган Эрмекованын үлпөт тою болуп өттү. Тойдон сүрөттөр

22 апрель 2019 13:40 3354 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

“Кыз бурак” тобунун солисти Айтурган Эрмекова кечээ, 21-апрелде жолдошу Дамир Анарбаев менен заманбап үлпөн тоюн Ош шаарындагы тойканалардын биринде өткөрүштү.

Эки жаштын үлпөт тою жакын санаалаштары жана курбулары-курдаштарынын курчоосунда өттү.

Той “Кыз бурак” тобунун “Жар  жар” ырын Гүлнара Калдарованын аткаруусунда эки жаштын кирүүсү менен башталды. Ал эми курбу кыздын милдетин аткаруу бактысы ырчы Сайкал Садыбакасовага буйруду.

Ырчы Айтурган Эрмекова курбусу Самара Каримова экөө “Досторум” аттуу ырын аткарышып ага кошумча жаш келин жолдошуна арнап да ыр сунду.

Той чоң салтанат менен өтүп Кыргызстандын булуң-бурчундагы ырчынын күйөрмандары эки жашка жакшы каалоо-тилектерин айтышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kyz-burak-tobunun-dagy-bir-suluusu-ajturgan-ermekovanyn-lpt-toyu-bolup-tt-tojdon-srttr



Добавить комментарий