Азалия Дүйшөналиева туулган күнүндөгү белектер жана демөөрчүлөр тууралуу: "Чоң эле киши экен десем менден кичүү бала экен"

20 май 2019 14:59 2745 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

“Кыз бурак” тобунун солисти, жеке ырчы, модель, бир нече сулуулар конкурстарынын катышуучусу Азалия Дүйшөналиева 2 ирет дүйнөлүк сулуулар сынагына катышып Кыргызстанын намысын коргоп келген. Ал барып келген сынактарын ким каржылагандыгы жана 18-май күнү белгилеген туулган күнүндө кандай белектерди алгандыгы тууралуу Barometr.kg сайтына берген маегинде айтып берди.

-Саламатсызбы Азалия. Алгач эле чыгармачылыгыз тууралуу сурагыбыз келип турат, кандай жаңылыктарыңыз бар, жаңы ырлар чыкпай калганынын себеби эмнеде?

-Ооба, бир аз алыстап кеттим. Бирок баягыдай эле тойго ырдап бериңиз деп же концертке катышып бериңиз деп чакырышса калбай баарына барганга, катышканга аракет кылып ырчылыкты да улантып келе жатам. Сиздер билгендей эле акыркы убакта чыгармачылыктын башка багытында иш жүргүзүп келетам. Дүйнөлүк 2 сынакка барып келдим, ал жактан өзүм үчүн жаңы жаңылыктарды, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачтым десем да болот.

-Аталган сулуулар сынактарына барганда сизди ким каржылады?

-Сынакка барганда негизи каражат сөссүз түрдө керек болот. Ар бир конкурстун өзүнүн тартиптери жана талаптары болот. Мисалы сынактын шарттары үчүн атайын кийимдерди, кечки көйнөктөрдү даярдап барыш керек, баары белгиленген стандарттарга жооп берүүсү зарыл. Ал эми бул нерсени алгач эле албетте өзүм жана ата-энем каржылады. Көптөр демөөрчүсү бар же болбосо келишимдин негизинде иш алып барат деп ойлошот, бирок тилекке каршы мындай көп каражат талап кылган проекттерде эч ким табылбай калат. Кээ бирлер бул компания менен тигил ишкана менен кызматташат деп ойлошот, андай да болгон жок. Акыркы жолу гана Египетке бараарда “Obodo” деген модельдик агентство менен иштештим, алар мага видео анан сурөттөрдү даярдап беришти. Андан башка эч ким каржылаган жок.

Сулуулар сынагына сиз кантип катышып калдыңыз, дегеле кыздар кандай жол менен тандалып алынды?

-Албетте эң биринчи конкурстун талаптарына жооп берген кыз болсо уюштуруучу өзү чакырат. Анан бул жерде сөссүз түрдө акча каражаты да көп нерсени чечет экен. Мисалы айрым кыздар сулуулар сынактарына бара албай жүрүшөт экен, менин бул тууралуу маалыматым жок. Ар бир каалоочу адам өзүн жогорку деңгээлде корсөтө алса, сахнага чыккандын этикасын билсе, тил билсе ар бир кыргыздын кызы сынакка катыша алат. Эмне үчүн Азалия кетти, аны ким жиберди? деген сөздөр айтылып келет, менин ошондой адамдарга колуңардан келсе силер да катышкылы деп айткым келет. Ар бир адам өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша жашоосун курат дегендей да.

Тил билиши керек деп калдыңыз, сиз канча тилде эркин сүйлөйсүз?

-Эне тилибиз болгон кыргыз тилинен сырткары орус, англис тилдеринде сүйлөйм. Кытай тилин да бир окуп жүрдүм, бирок аны улантып кеткен жокмун. Анткени жумушума да пайдасы тийген жок, анын үстүнө тажрыйба болбосо дагы унутулуп кетет экен. Англис тилинде сүйлөгөн адамдардын арасына түшкөндө анча-мынча унутулган сөздөрду эстеп, кадимкидей эле түшүнүп, сүйлөп кетем.

Туулган күнүңүздү белгиледиңиз, куттуктайбыз! Эң кымбат кандай белек алдыңыз жана кимден?

-Мен үчүн эң кымбат белек эң алгач албетте, ата-энемдин, бир туугандарымдын жанымда болуп турганы. Алардын турган турпаты эле мен үчүн чоң белек. Туулган күнүмдү жакын курбуларымдын, санаалаштарымдын, досторумдун курчоосунда тостум. Баары соонун болду. Алардан алган эң кымбат белек бул бриллиант көздүү ак алтын чынжырча алдым. Ким белек кылганы сыр бойдон калсын.

Демек жүрөгүңүздүн ээси бар экенда э? Жеке жашооңузда тууралуу айта кетсеңиз...

-Азырынча жакшы көргөн адам деп да айта албайм, ал күйөрман да эмес. Кандай десем... Мен жактырып жүргөн жигиттен алдым. Кыз кишиге эң негизгиси көңүл менен камкордук экен да, мисалы кандай жүрөсүң, жылуу кийинип жүрөсүңбү, тамак ичтиңби деп сурап турса эле көңүлүң жылып калат. Жүрөгүм бош деп да айта албайм, азыр мамиле куруу алдында турам десем да болотго.

Сулуулар сынагына барганда материалдык жактан пайда түштүбү?

-Жок, тескерисинче ошол сынактарга кеткен акчага клип тарттырып, ыр жаздырып, форма тиктирип алмакмын, эч эле болбогондо айдан жүргөн унаамды алмаштырмактын. Бирок мен аны өлкө алгындагы мекенчилдик милдетимди актоо үчүн жумшадым. Бул эң чоң жетишкендик деп билем, акча каражатын мамлекет бербесе дагы жаран катары милдетимди аткаруу мүмкүнчүлүм болгонуна сүйүнөм.

Салтка айланган суроо. Аша чапкан күйөрмандарыңыз болду беле?

-Анчалык аша чапкан күйөрмандарым болгон эмес. Чалган, жазгандар бар бирок баары өз чеги менен. Бул бираз мурдараак болгон окуя, өзүм чыгармачылыктан сырткары маркетинг тармагында да иштейм да анан бирөө жумуш учурунда кечке телефон чалчу, смс жазчу. Ал үчүн башка адамдар менен байланыша албай, ушунчалык тажаткан. Кара тизмеге салсам башка номерден чалып. Анан 1 жумада тажап иштеген жеримди айтып кел макул десем келген. Мен чоң эле киши экен деп ойлогом башында, көрсө менден кичүү эле бала экен. Менин ырларымды жакшы көрүп угат экен. 8-мартта болгон бул, ал бала жумушума келип алтын браслет тыштап кеткен. Албайм кереги жок десем да таптакыр болбой берип кеткен. Мен өзү кичинекей кезимен эле бирөөдөн кымбат белек ала албайм, эгер алсам мен ал адамга карыз болуп калам деп ойлочумун. Окуп жүргөндө балдар белек берсе да качып кетчүмүн. Азыр деле тааныбаган адамдан бир нерсе алаарда ойлоном. Ырчы катары статусумду майда нерселер менен түшүрүп алгым келбейт, анткени жөн жерден эле ушактар тарап кетиши мүмкүн, же туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн.

Кайра качан ырдап чыгууну пландап жатасыз?

-Чыгармачылыка албетте кайтам. Мен тыштап коём деген күндө деле күйөрмандарым, санаалаштарым мени жөн коюшпайт. Дайыма жаңы ырларды, клиптерди күтүп турушат. Азалия деген ат аз болсо да элге таанылып калды, жайында ыр жаздырып, клип тартайын деген ойлорум бар. Топтон кетип жалгыз ырдап баштаганда ырларды аз чыгарып баштаганымдын себеби ар кайсы ырларды ырдап чыга берсең эл бул ырдай албай экен, стили ушул турбайбы деген сөздөрдү айта башташат экен. Ушундан улам дагы кылдаттык менен ыр тандап калдым. Мен бүгүнкү күндө өзүмдүн ырларымда үнүмдү 100% колдоно элекмин деп ойлойм. Үнүмдү чыгара турган ыр жараткым келет. Буюрса талантымды 100%га чейин көрсөткүм келет.

“Кыз бурактан” кеткенден кийин кнча ыр жаздырып канча клип тарттырдыңыз?

-“Кыз бурактан” кеткенден кийин 4 ыр жаздырып, 2 клип тарттырдым.

Маегиңизге чоң рахмат!

Ссылка: https://barometr.kg/azaliya-djshnalieva-tuulgan-knndg-belekter-zhana-demrchlr-tuuraluu-cho-ele-kishi-eken-desem-menden-kich-bala-eken



Добавить комментарий