Ретро видео, фото: Легендарлуу “Кыз бурак” тобуна 40 жыл

25 октябрь 2019 10:33 4703 Barometr
Бөлүшүү:
ok

  

Ырчы Сайкал Садыбакасова соцтармактагы баракчасына легендарлуу "Кыз бурак" тобунун кыздарынын жана өзүнүн кичинекей кездеги сүрөттөрүн жарыялады.
Сүрөттөрдөн топтун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова, ырчылар Айжамал Кабылова, Гүлнара Калдарова, Кенже Дүйшеева жана башка ырчыларды көрсө болот.
Арасында Сайкалдын чачы жок, кичинекей кезиндеги сүрөтү бар. “Мени сүрөттөн тапкылачы? Чачы жок болсоң көрүнбөй деле калат экенсиң”, –деп сүрөтүнө тамаша сөз жазды.
Быйыл легендарлуу “Кыз бурак” тобуна 40 жыл болду.
"Кыз бурак" тобунун негиздөөчүсү, жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова көптөгөн кыздарды ырчылыкка даярдап, тарбиялап келген. Соңку жылдары топту жетектөө милдетин өзүнүн кызы, ырчы Сайкал Садыбакасовага өткөрүп берген.
“Кыз бурак” тобунун 40 жылдык маарекесине арналган концерттер ноябрь айында Бишкекте жана Ошто болот.









Ссылка: https://barometr.kg/retro-video-fotolor-legendarluu-kyz-burak-tobuna-40zhyl



Добавить комментарий