Кытайдын коронавирус чыккан Ухань шаарынан кыргызстандык 18 студент келди
Кытайдын Ухань шаарында окуп жаткан кыргызстандык 18 студент келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кыргызстандык студенттер алгач Кытайдын Казакстандын Нур-Султан шаарына келип, андан кийин Бишкекке келишкен.
“Келген бардык жарандар аэропорттон тийиштүү текшерүүдөн өтүп, Бишкектин четиндеги атайын жайларга карантинге киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдан келген студенттер жайгашкан ооруканалар инфекциялык коопсуздук шарттарына жооп берет жана бардык керектүү дары-дармек менен камсыздалган.
Эске салсак, Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирустан акыркы маалыматтар боюнча 304 киши каза болду. Ал эми оору 14 миңдей кишиге жуккан.
Ссылка: https://barometr.kg/kytajdyn-koronavirus-chykkan-uhan-shaarynan-kyrgyzstandyk-18-student-keldi
Добавить комментарий ×