Кытайдан товарлар контрабандалык жол менен ташылууда

23 июль 2018 23:25 1859 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Баткен областынын аймагында ыкчам бажынын кызматкерлери эч кандай бажыга тийиштүү жана товар коштоп жүрүүчү документтери жок Кытай Эл Республикасында өндүрүлгөн 2400 кг эл керектөөчү товарлар жүктөлгөн автотранспорт каражатын кармашкан. Бул туурасында бажы кызматынын басма сөзүнөн билдиришти. 

Жалпы кармалган товардын орточо базар баасы 773 100 сомду түзөт.

Бул товар кыргыз-таджик мамлекеттик чек арасы аркылуу бажы контролунан тышкары мыйзамсыз алынып өткөн. Бул факт боюнча  материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdan-tovarlar-kontrabandalyk-zhol-menen-tashyluuda



Добавить комментарий