Кытай жана Түркиядан кычкылтек концентраты жана ИВЛ аппараттары келет
Кытай жана Түркиядан кычкылтек концентраты жана жасалма дем алдыруучу аппараттар алынып келинет. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
«Бул илдет биринчи жолу болуп жаткандыктан, биз алгач коронавируска каршы даярдыктарды көрө баштадык, азыркы мезгилде өпкө пневмониясы күч алып жатат. Ошондуктан ИВЛ аппараты эмес кислороддук концентратка муктаждык күчөй баштады. Бул маселени да чечтик», - деп билдирди премьер-министр.
Анын айтыманда, Кытайдан 500 кычкылтек концентраты, Түрциядан 50 жасалма дем алдыруучу аппарат, 50 кычкылтек концентраты алынып жатат. Учурда саламаттык сактоо мекемелеринде жалпысынан: 572 ИВЛ аппарат, 610 кычкылтек концентраты бар.
Гуманитардык жардам катары:
23 ИВЛ аппараты,
52 кычкылтек концентраты,
30 БИПАП аппараты,
5 СИПАП аппараты алынды.
Донорлордун каражаттарынын эсебинен: 63 ИВЛ аппараты жана 111 кычкылтек концентраты сатылып алынат.
«Өкмөт тарабынан дагы кошумча 50 млн сом бөлүндү. Бул каражатка керектелүүчү медициналык каражаттар сатылып алынат», - деп кошумчалады Боронов.
Ссылка: https://barometr.kg/kytajdan-500-k-koncentrator-turciyadan-50-ivl-50-kk-alynyp-zhatat
Добавить комментарий ×