Кытайда суу ташкынынан 2 миллиондой адам үй-жайсыз калды (видео)

12 октябрь 2021 10:50 1622 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жергиликтүү ЖМКлар берген маалыматтарга караганда Кытайдын түндүгүндөгү Шаньси провинциясында болгон катуу суу ташкынынан 1,76 миллиондон ашык адам үй-жайсыз калды. Бул тууралуу “Барометр” кабарлайт.

Өткөн аптадан бери катуу жаап жаткан жамгыр провинциянын 70тен ашык шаарлары менен райондорунда үйлөрдү жараксыз абалга келтирип, сел жүрдү.

Бийлик катуу жааган жамгыр куткаруучулардын ишине тоскоол болуп жатканын кабарлады. Global Times булагы бул ирет төрт полиция кызматкери каза тапканын, 120 миңдей адам башка аймактарга көчүрүлгөнүн жазды.

Буга чейин  үч ай мурда Хэнань провинциясында болгон суу ташкыны 300дөн ашык адамдын өмүрүн алган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-suu-tashkynynan-2-milliondoj-adam-j-zhajsyz-kaldy-video



Добавить комментарий