Кытайда окуучу балдар бар автобус суу сактагычка түшүп 21 адам каза болду (Видео)

7 июль 2020 18:00 2227 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайда  окуучал бара жаткан автобус суу сактагычка түшүп кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булагына таянып «Барометр» билдирет.

Анын кесепетинен 21 адам каза болуп, 15 адам жаракат алды.

Окуя бүгүн Кытайдын Гуанчжоу облусунда катталды. Анда мектеп окуучулары бар автобус жолдо кетип бара жатып, белгисиз бир себептерден улам жолдун каршылаш бөлүгүнө чыгып, тосмону сүзүп, суу сактагычка түшүп кеткен.

Унаанын ичинде канча жургүнчү болгону тууралуу так маалымат айтыла элек.

Алдын ала маалыматка караганда унаанын ичинде окуучу балдар болгон. Алар экзамен бергени бара жатышканы айтылууда.


Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-okuuchu-baldar-bar-avtobus-suu-saktagychka-tshp-ketti-video



Добавить комментарий