Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 132ге чыкты
Кытайда коронавирустан улам өмүрү менен коштошкондордун саны 132ге жетти. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине таянуу менен Синьхуа агенттиги жазды.
Шейшемби күндүн жыйынтыгы менен коронавирус 5974 кишиге жукканы белгилүү болду. Ал ортодо ооруну жеңип, ооруканалардан чыккандардын саны 103 кишини түздү.
Вирус Кытайдан башка мамлекеттерде дагы катталууда. Атап айтканда Францияда Кытайдан келген туристтен вирустун белгилери табылган. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Жером Саломон коронавирус бар делген улгайган бейтап Кытайдын Хубэй провинциясында жашап келген. Учурда ал Париждеги ооруканалардын биринде реанимацияда.
Ушуну менен Францияда коронавирус чыккан төртүнчү учур катталып жатат.
28-январда Кыргызстандын Кытайда жүргөн алты жараны Казакстан аркылуу Бишкекке кайтты. Алар атайын бөлүнгөн жерге алынып, текшерүүдөн өтүп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Кытайдан келген жарандардын саламаттыгы жакшы.
Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-koronavirustan-kaza-bolgondordun-sany-132ge-chykty
Добавить комментарий ×