Кытайда дүйнөдөгү эң узун салынган көпүрө иштеп баштады

24 октябрь 2018 10:00 4257 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Кытайдагы жана дүйнөдөгү эң узун жаңы салынган көпүрө иштеп баштады. Бул тууралуу Кытайдын телеканалдары маалымдады. 

Маалыматка ылайык,узундугу 55 чакырымды түзгөн көпүрө деңизди кесип өтүп Гонконг, Чжухай жана Макао аймактарын байланыштырып турат. Мурда жергиликтүү тургундар Гонконгдон Чжухайга барыш үчүн айланып 3 сааттын тегеринде убакыттарды кетиришкен. Азыр болгону 30 мүнөттүк жол болуп калды деп билдиришет массалык маалымат каражаттары.

Көпүрөнүн официалдуу түрдө ачылышы кечээ 23-октябрда болуп, бүгүн 24-октябрда ишке кирише баштайт. Ачылышка Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин катышкан. 

Деңиз үстүндөгү көпүрө жогорку технологиялык жабдуулар менен жасалгандыктан жердин 8 баллдык силкинүү күчүнө туруштук бере алат. Ал эми куруучулардын айтымында, көпүрө 120 жылга чейин кызмат кылат. 

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-djndg-e-uzun-salyngan-kpr-ishtep-bashtady



Добавить комментарий