Кытайда бир баланы куткарабыз деп жети окуучу чөгүп кетти
Окуучу балдар классташын суудан алып чыгабыз деп жатып, баардык 8 бала тең сууга чөгүп кетишти. Бул тууралуу РИА Новости Кытай телеканалына шилтеме берип жазып чыкты.
Чунцин шаарында дем алыш күнү Фуцзян дарыясына бала түшүп кетти деген маалымат келип түшкөн. Сегиз бала жоголду деп изделип жаткан. Аларды издөөгө 200дөн ашык адам, анын ичинде өрт өчүрүү, куткаруучулар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.
Тилекке каршы балдарды куткарып калууга кеч болуп калган. Издөөнүн жыйынтыгында балдардын сөөктөрү суудан алып чыгарылды.
Алдын ала маалыматка караганда, баардык балдар жергиликтүү мектептин башталгыч классында окушкан, жакын жерде жашашкан. Суунун жээгине дем алыш күнү ойногону барышып, балдардын бири сууга кокустан кулап кетет. Калгандары ага жардам берем деп баары сууга түшүп кетишет, андан чыга алышпай, чөгүп кетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-bir-balany-kutkarabyz-dep-zheti-okuuchu-chgp-ketti
Добавить комментарий ×