Кытайда каза болгон студенттин сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жардам керек
Кытайдын Шанхай шаарында билим алып жүргөн мекендешибиз Бексултан Шадыканов жол кырсыгынан улам каза болгон. Анын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн чоң суммадагы акча каражаты керек болуп жатат. Бул тууралуу “Барометрге” каза болгон баланын жакындары кайрылды.
Маалым болгондой, кырсык 28-март күнү болгон. 22 жаштагы кыргызстандык Бексултан Шадыканов мотоцикл менен келе жатып, бакты сүзүп, ошол жерден каза болгон. Рулду маркум мекендешибиз башкарып бара жаткан. Жанында дагы бир бала болгон. Ал Тажикстандын жараны. Ал оор абалда ооруканга жеткирилип, операция жасалган. Учурда, ал жандандырүү бөлүмүндө өзүнө келе албай жатат.
Шадыканов Бексултан Жалал-Абад шаарында туулуп, өскөн. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу болчу. Ал Бишкек Гуманитардык Университетинин кытай тили факультетинде эки жыл билим алып, эки жылын Кытайдан окуу үчүн кеткен.
Эки жылдан бери ата-эне, бир туугандарынан алыста билим алып жүрүп, минтип, кырсыктан каза болуп калган. Каза болгон Бексултандын Шадыканов сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө чоң суммадагы акча каражаты керектелет экен. Жакындары Кытайда эмгектенип жүргөн мекендештерден, жалпы кыргыз элинен жардам сурап кайрылып жатышат.
4169585341945771 VISA OPTIMA
9417018713364834 ЭЛКАРТ
4172210079024310 DEMIR VISA
0777236327 ЭЛСОМ
Суроолор боюнча байланыш телефону: 0500558805
Добавить комментарий ×