Кытайда балдарды ууландырган тарбиячы өлүм жазасына тартылды

29 сентябрь 2020 15:15 1278 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайдын Хэнань провинциясынын соту бала бакчанын тарбиячысын балдарды ууландырганы үчүн өлүм жазасына өкүм кылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Айыпталуучу Ван Юн Менгмен бала бакчада иштеп жүргөндө, Сун аттуу орто тайпанын мугалимдеринин бири менен чатакташып кеткен. Аял кесиптешинен өч алууну чечип, 2019-жылдын 27-мартында эртең менен Сундун группасындагы балдардын боткосуна натрий нитритин куюп койгон. Натыйжада 25 бала ууланып ооруканага жаткырылган, алардын ичинен бир бала кийинчерээк ооруканада көз жумган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ван Юн натрий нитритин жеке маселелерин чечүүдө экинчи жолу колдонуп жаткандыгы аныкталды. 2017-жылы Ван Юн күйөөсү менен үй-бүлөлүк маселелерден улам чырдаша кеткенде да аталган затты колдонгон. Күйөөсүнөн өч алуу максатында Ван Юн 2017-жылы февраль айында натрий нитритин онлайн режиминде сатып алып, жолдошу ичип жаткан стакандагы сууга кошуп берген. Анын айынан жолдошу ууланып калган, бирок анын организими анчалык жабыркаган эмес.

Сот аял натрий нитритинин адамдарга кооптуу экендигин жакшы билгенин, бирок ал муну эки жолу жеке кызыкчылыгы үчүн өч алуу максатында колдонгонун көрсөттү.

“Ван Юн ууланган боткону тайпанын баарыдык балдары жей тургандыгын жакшы билген, бирок ошого карабай балдарды ууландырган”, деп айтылат маалыматта.

Сот ошондой эле Ван Юндун кылмыш кесепеттери "жийиркеничтүү" экендиги айтты. Оор жоготууга алып келген кылмышты жасагандыгы үчүн мыйзам чегинде катуу жазаланышы керектигин баса белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-baldardy-uulandyrgany-chn-bala-bakchanyn-tarbiyachysy-lm-zhazasyna-tartyldy



Добавить комментарий