Кытайда адам башынан узундугу 10сантиметрдей курт алып чыгышты, ал сууда сүзөт экен
Бөлүшүү:
Кытайда чала бышкан этти жакшы көргөн бейтаптын мээсинен дарыгерлер узундугу 10 сантиметрдей болгон куртту алып чыгышты. Бул тууралуу кытай басылмалары жазды. Берилген маалыматтарга ылайык, бейтап улам талма оорусу менен ооруп жыгыла бергендиктен, дарыгерлерге көп кайрылган. Бирок, чыныгы себеби эмнеден болуп жаткандыгын аныктай албай келишкен. Кийин бейтап борбордук ооруканага келип, аппаратка тушкөндө мээсинде курт бар экендиги аныкталган.
Окуя кытайдын Наньчан шаарында болгон. Дарыгерлер куртту алып чыкканда тирүү экендигин айтып, анын узундугу 10сантиметрдей болуп, сууга салса сүзөөрүн көрсөтүштү. Мындай курт Spirometra mansoni деп аталып, жалпак курттардын түрүнө кирет.
Добавить комментарий ×