Турист орустарды күлбөйт деп жинденди

12 март 2020 16:54 1239 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайлык турист Лю Сяошунь Россияга болгон саякаты тууралуу Sohu порталына айтып берген. Ал орустардын каардуу жана күлбөй турганын биринчи эле байкаган.

Сяошунь дүйнөдөгү аянты боюнча эң чоң мамлекет — Россияны жакындан таанууга аракет кылган. Ал чет элдиктердин көбү Россияны катаал, жашоочуларын чыдамкай катары билишерин кошумчалаган.

Кытай туристи саякат учурунда анын эсинде калган учур орустардын күлбөй турганы экенин белгилеген. Бирок ошол эле маалда орустардын бойлуу жана чоң болушу ага “психологиялык басым” кылганын айтып берген.

Орустар каардуу көрүнгөнү менен жан дүйнөсү кенен, жардам сураган учурда бардыгы ага ийкемдүү түрдө жол көрсөтүп, колдон келген жардамын берүүгө аракет кылышкан.

Сяошунь орустардын эмнеге жылмайбай турганынын анык сырын саякатынын соңунда баамдаган. Көрсө, Россияда ыгы жок жылмая берүү акылы жоктуктун белгиси катары саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-turisti-orustardy-klbjt-dep-zhindendi



Добавить комментарий