Кыргызстанга «Спутник V» россиялык вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келди
Кыргызстанга коронавирус инфециясына каршы «Спутник V» россиялык вакцинасы 20 миң доза көлөмүндө жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Белгилесек, вакцина Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 24-25-февралында Россия Федерациясына сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында жеткирилген.
Вакцинаны өткөрүп берүү аземине биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Николай Удовиченко жана саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
«Россиялык «Спутник V» вакцинасын жеткирүү тууралуу макулдашуу Президенттин Россия Федерациясына буга чейин орун алган сапарынын жүрүшүндө жетишилген. Россиялык тарап берген жүктүн бөлүгү гуманитардык негизде болуп саналат. Бул Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ортосунда түзүлгөн ишенимдин, кызматташтыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн чоң белгиси. Кыргыз тарап Россия Федерациясынын жетекчилигине дүйнө жүзү боюнча көп сандаган буйрутмаларга жана Россия Федерациясында жүргүзүлүп жаткан калкты вакцинациялоо кампаниясына карабастан, маселени тез арада чечип бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирет», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министрАртем Новиков.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев үстүбүздөгү жылдын июнь айына карата Россия Федерациясында вакциналарды өндүрүү абалы жакшырып, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында жана гуманитардык негизде республиканын калкы үчүн вакциналар жаңы график боюнча жеткирилерине ишенимин билдирди.
Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Николай Удовиченко өз кезегинде белгилегендей, республикага вакциналардын партиясын жеткирүүнү уюштурууда белгилүү убакыт талап кылынды.
«Спутник V» вакцинасын өндүрүү кеңейтилишине жараша, жеткирүү көлөмү жогорулатылып, өлкө келерки күз маалын толук даярдыкта тосот деп ишенем», - деди элчи.
Белгилей кетсек, жакынкы аралыкта коронавирус инфекциясынын алдын алуу үчүн калкты «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstangasputnik-v-rossiyalyk-vakcinasy-20-mi-dozada-keldi
Добавить комментарий ×