Кыргызстанга Pfizer вакцинасы келет

7 октябрь 2021 10:35 1918 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанга COVAX программасы боюнча Pfizer вакцинасы келет. Бул тууралуу Кыргызстандагы Американын элчилигинен кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Канча көлөмдө жана качан жеткирилери такталып жатат.

Аталган вакцинанын соода маркасы Comirnaty деп аталат жана Американын Pfizer ошондой эле Германиянын BionTech компаниялары биргелешип иштеп чыккан.

Вакцинада мРНК деп аталган молекула бар жана ал COVID-19ду пайда кыла турган SARS-CoV-2 вирусунун белогун-же башкача айтканда антителосун иштеп чыгууга көмөк берет. Вирустун өзү дарыда жок, ал COVID-19 инфекциясын пайда кыла албайт.

Эмдөө үчүн эки ирет доза сайылат жана -70 градуста сактоо талап кылынат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-pfizer-vakcinasy-kelet



Добавить комментарий