Кыргызстанга мыйзамсыз автоунаа жана чиркегич ташып келүү боюнча факты катталды
Кыргызстанга «VOLVO» үлгүсүндөгү автоунаа жана «WIELTON» үлгүсүндөгү чиркегичти мыйзамсыз ташып келүү фактысы катталды. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматта мындай деп жазылган:
"ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында,Кыргыз Республикасынын аймагына «VOLVO» үлгүсүндөгү автоунаа каражатын жана «WIELTON» үлгүсүндөгү чиркегичти мыйзамсыз ташып келүү фактысы КРӨ караштуу МБКнын кызматкерлери тарабынан табылган. Жогорудагы факт боюнча бажыга төлөнүүчү төлөмдүн жалпы суммасы 2 171 766 сомду түзөт".
Бул факт боюнча чогултулган материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Добавить комментарий ×