Акаев менен Сулайманов Москвадан келген дарыгерлерди эмнеге тосуп албаганын айтты (Видео)

13 июль 2020 14:33 1892 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Депутат Жанар Акаев жана Алтынбек Сулайманов Кыргызстанга Москвадан учуп келген 45 ыктыярдуу дарыгерди эмнеге тосуп албаганын айтышты. Бул тууралуу эл өкүлдөрүнүн социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кечээ, 12-июлда “Манас” аэропортунда Россиялык «Аэрофлот» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен  Кыргызстанга 45 ыктыярдуу дарыгер учуп келген. Бирок, аларды аба майдандан эч ким тосуп алган эмес.

Бул тууралуу социалдык тармакта чыр жаралып, анда медиктерди Жанар Акаев жана Алтынбек Сулайманов тосуп албай койду деген кептер тараган.

 “Пандемия менен күрөшүү үчүн келген доктурларга чексиз ыраазычылык. Өкмөттүн жетишпей жатканын көрүп, Саламаттык сактоо министрлигине өзүм сунуштагам. Эгерде силерде мүмкүнчүлүк жок болуп жатса, каралашалык. Буга чейин аймактардан келген 30га жакын дарыгерлерди отелдерге жайгаштырып, жардамдашканбыз. Ушундай эле көмөк көрсөтөлү деп сунуш киргизгем. Мага Саламаттык сактоо министринин орун басары “медиктерди алып келе турган унаалар, жатаканасы даяр, бул өкмөттүн иши, жоопту адамдар даярдалды, биз жасайбыз”, деп телефон чалышкан”, - деп айтты депутат Жанар Акаев.

Ошондой эле, тиешеси бар деген Сулайманов да айтылып жаткан сөздөрдү четке какты.

“Урматтуу мекендештер, бул маалыматты мен азыр көрүп жатам, мага эч бир жан кайрылган эмес. Эгерде мен врачтардын келээрин билсем, өткөндө келген дарыгерлердей эле жакшылап тосуп алып, жайгаштырмакмын. Бул көрүнүш элчилик менен өкмөттүн катардагы, дагы бир шалаакылыгы”, - деп билдирди депутат Алтынбек Сулайманов.

Медицина кызматкерлерин тосуп алууга байланыштуу бардык уюштуруу иштерин Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзөт.

“Дарыгерлерди КРнын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров тосуп алышы керек болчу деп массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүү чындыкка дал келбейт. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мекеме жетекчилиги объективдүү себептерге байланыштуу аларды аэропорттон тосуп алууга бара албай калган. Бирок андан кийин министрликтин жетекчилиги келген медицина кызматкерлери менен жолугушту», - деп билдирди өкмөт аппаратынан.

Белгилей кетсек, Москвадан келген ынтыярдуу дарыгерлер стационарлардагы кызыл зоналарда иш алып барышат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-moskvadan-kelgen-45-yktyyarduu-darygerdi-ech-kim-tosup-algan-zhok



Добавить комментарий