Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри жумушчу сапары менен келди

29 апрель 2022 15:57 1676 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

«Манас» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу мейманды Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тосуп алды.

Бүгүн кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-kazakstandyn-premer-ministri-zhumushchu-sapary-menen-keldi



Добавить комментарий