Кыргызстанга кар жаады. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Бөлүшүү:
Бишкекте бүгүн эртең менен абанын температурасы төмөндөп, саат 8де болгону +5 болду.
Бишкекте саат 10:30да +6 градус, Токмокто +4, Ала-Арча -1 градус, Ысык-Көлдө +3, Байтикте +2 градуска чейин жылуулук болду.
Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты - 3-майда, Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаайт, тоолуу райондордо кар түшөт, тоо этектерине жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт.Сел жүрүшү күтүлөт.
Бүгүн, 3-майда Чүй областына кар жаады.Социалдык тармактагылар бул боюнча видеолорду жүктөп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-kar-zhaady-kyrgyzgidromet-shashylysh-bildir-taratty
Добавить комментарий ×