Бишкектен кармалган өзбек журналистине Шавкат Мирзиёев үч бөлмөлүү батир берди

19 октябрь 2020 11:16 889 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Шавкат Мирзиёев журналист Бобомурод Абдуллаевге Ташкенттен үч бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу журналисттин 18-октябрда Фейсбук баракчасына жарыяланган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Ушул жылдын 8-сентябрында Өзбекстандын кадырлуу президенти Шавкат Миромонович Мирзиёев үч бөлмөлүү батирди тиричилик техникалары, килемдер, эмеректери менен кошо белек кылды", - деди ал социалдык тармактарга жарыяланган видеодо.

Бобомурод Абдуллаевдин айтымында, ал ушул жылдын 5-октябрында жаңы батирге көчүп келген.

Эске салсак, көз карандысыз журналист жана спорт баяндамачы Бобомурод Абдуллаев 9-августта өзбек тараптын өтүнүчү менен Кыргызстандан кармалган. 22-августта ал Өзбекстанга экстрадицияланып, 23-августта ал үй камагына бошотулган.

Буга чейин, ал Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган. 2017-жылы 27-сентябрда ал "Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүн кулатууга багытталган материалдарды тараткан" деп кармалган. Ага Усман Хакназаров деген каймана ат менен мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч жаткан макалаларды жазган деген айып тагылган.

2018-жылы май айында Ташкент шаардык соту Абдуллаевди сот залында бошотуп,  аны 1,5 жыл коомдук жумушка тартылганын маалымдаган.

Абдуллаев Өзбекстанда өзүнө карата кылмыш иши козголгондо Германияга чыгып кеткен. Кийинчерек ал Кыргызстанга келгени маалым болгон.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-kachyp-kelip-bishkekten-karmalgan-zbek-zhurnalistine-shavkat-mirziyoev-ch-blml-batir-berdi



Добавить комментарий