Кыргызстанга дарылар Кытайдан жана Россиядан келип жатат. Индия болсо жабык

20 апрель 2020 16:34 2336 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын фармацевтикалык союзунун башчысы Эрнис Асанов маалымат жыйында учурда Кыргызстанда дары-дармектин таңкыстыгы жок экенин айтты. Ошентсе да, дарыларды алып келүүдө кыйынчылыктар жаралгандыктан, айрым дарылардын баасы 15-20%га кымбаттаганын кошумчалады.

“Бүгүнкү күнү дары-дармек менен камсыздоо көп мүчүлүштүктөрдү жаратты. Анткени заводдордо дарылардын баалыры көтөрүлүп, жеткирүүдө авиакаттамдар жабылды. Мурда алып келгенде ар бир клиограммга 3-4 доллар болсо, азыр алардын баасы 7-8 долларга чейин көтөрүлдү. Ошого карабастан дары-дармек жана башка медициналык каражаттарды алып келип жаткан компаниялар менен сүйлөшүп көйгөйдү чечүү аракетиндебиз. Бүгүнкү күнү өтө чоң тартыштык жок. Бир гана баалар көтөрүлдү. Дарыларды алып келүүдө чыгымдар эки эсе көбөйүп кетти, буга дагы кошумча болуп доллар менен евронун өсүшү дагы өзүнүн таасирин берди. Буга чейин бир доллар 69 сом болсо азыр 80 сомдон ашты. Евронун курсу 78дин тегерегинде болгон болсо азыр 90 сомго жакындап калды. Ошого карабастан дары-дармектерди алып келип жатабыз.

Барыңар билгендей ЕЭАБге кирген мамлекеттер үчүнчү мамлекеттерден дары-дармек алып келсе 3%дан 5%га чейин бажы алымын төлөйт. Ошол төлөнгөн алымдар бажы кызматынын депозитинде жатат. Бүгүнкү күнү Белоруссия кол коюп берип, азыр ЕАЭБдин комиссиянын корутундусун күтүп жатабыз. Эгер ошол коюлса эле бажынын депозитинде жаткан каражат алынат деп өкмөт ишендирип кеткен. Бирок ал азыр чечиле элек. Андыктан бул жакта дагы көп каражат кармалып турат. Өкмөт жакын арада ушуну чечип берет деп ишенем.

 Экинчи масале – карантин киргизилгенден бери өткөрмө кагазын алуу биз үчүн кыйын болду. Анткени дарыканага дары жеткире албайбыз, же ооруканага жеткире албайбыз. Дары жок бир дагы дарыгер иштей албайт. Ошондуктан кээ бир компаниялар бүгүнкү күнгө чейин өткөрмө кагаздарын ала элек. Бирден-экиден алгандары бар. Бирок алар өзүнүн кызматкерлерин алып келеби, же дары жеткиреби? Ушул көйгөй дагы деле чечилбей келет. Дары менен камсыздоодо биздин кызматкерлер дагы дарыгерлердей эле коркунуч зонасында иштеп жатат. Бардык мүчүлүштүктөр чечилет деп ойлойм. Анткени дары-дармек дарыканалар менен ооруканаларга маалында жетиши керек. Дары-дармектердин баасынын көтөрүлүшү убактылуу нерсе. Бир топ дарылар Индиядан чыгат. Азыр Индия жабык, бир дагы транспорт каттамы жок. Индиядан дары келбей жатат. Дагы жакшы Кытай ачылып калып, ал жактан керектүү дарылар менен медициналык каражаттарды алып келип жатабыз. Масканын баасы ошол Кытайдан бул жакка алып келиниши менен 20 сомдун тегерегинде болуп калды. Булар дагы убактылуу. Бүгүнкү күнү алып келинип жаткан дарылардын баасы 15-20 %дай кымбаттады. Россиядагы фармкомпаниялар дагы дарылардын баасын көтөрдү. Буга карабастан биз камсыздап жатабыз. Коронавиурстан башка дагы оорулар бар экенин белебиз. Алар дагы муктаж болгон дарысын убагында алып турушу зарыл. Колубуздан келген аракеттин барын кылып жатабыз. Азыр Кыргызстанда дарыга болгон таңкыстык жок. Кандай кыйынчылык болбосун дары-дармектерди учурунда алып келип, дарыкана менен ооруканаларды камсыздаганга аракет көрүп жатабыз”, — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-darylar-kytajdan-zhana-rossiyadan-kelip-zhatat-indiya-bolso-zhabyk



Добавить комментарий