Кыргызстанга ББУнун Өнүктүрүү программасы 25 миң беткап тапшырды
Бөлүшүү:
БУУнун Өнүктүрүү программасы 25 миң медицина беткабын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырды. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы маалымат булагы билдирди.
Алынып келинген беткаптар инфекциянын каттуу күч алган очогунда иштеген бөлүмдөрдүн кызматкерлерине таркатылат.
Ошондой эле, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө мамлекеттик органдардын кызматташтыгын координациялоо максатында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин видео конференцияларын уюштуруу үчүн жабдууларды жеткирүү пландалууда.
Бул жардам Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) тарабынан каржыланат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-bbunun-nktr-programmasy-25-mi-betkap-tapshyrdy
Добавить комментарий ×