Кыргызстанга автоунааларды мыйзамсыз ташып жүргөн эл аралык кылмыштуу топ аныкталды

9 сентябрь 2020 15:58 811 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанга автоунааларды мыйзамсыз ташып кирип, жасалма документтерди колдонуу жолу менен аларды каттоого коюуп жүргөн эл аралык  кылмыштуу схема аныкталды. Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, автоунааларды мыйзамсыз ташуу жана каттоо боюнча 113 материал табылган.  Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.  Муну менен бирге мамлекеттин бюджетине келтирилген зыяндын жалпы суммасы 258 544 354, 97 сомду түзгөн.

Кылмыштуу топ үчүнчү өлкөлөрдө транспорттук каражаттарды сатып алган учурда, эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү транспорттук каражаттын идентификациялык маалыматтарын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттин аймагында турган башка кылмыштуу топтун мүчөсүнө Интернет аркылуу жөнөтүшкөн. Алар өз кезегинде ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин Транспорттук каражаттарын каттоо жөнүндө жасалма күбөлүктү жана башка документтерди даярдашкан. Андан кийин документтер Кыргызстага жөнөтүлгөн жана ушул жасалма документтердин негизинде автоунааларды эч кандай текшерүүлөдү жүргүзбөстөн мамлекеттик каттоо органдардын айрым кызматкерлеринин катышуусу менен алгачкы каттоо жүргүзүлгөн. Анан мамлекеттик каттоо номерлүү белгиси жана Кыргыз Республикасынын Каттоо жөнүндө күбөлүгү алынган. Андан ары мамлекеттик номерлүү белгилери жана Каттоо жөнүндө күбөлүк үчүнчү өлкөлөрдө турган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн жана мамлекеттик номерлүү белгиси жана Кыргыз Республикасынын Транспорттук каражаттарды каттоо жөнүндө күбөлүгү бар транспорттук каражаттар ЕАЭБдин товары катары ЕАЭБдин аймагына тоскоолдуксуз өткөрүлүп турган. 

Айрым учурда жасалма декларациянын негизинде жок адамдарга, анын ичинде камак жайларында отурган адамдарга транспорттук каражаттарды мыйзамсыз катталган фактысы дагы болгон.

 Табылган фактылар боюнча материалдар КРӨгө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-avtounaalardy-myjzamsyz-tashyp-kirip-zhasalma-dokumentter-arkyluu-kattoodon-tp-zhrgn-el-aralyk-kylmyshtuu-top-anyktaldy



Добавить комментарий