"Улуттук Аксакалдар Кеңеши” коомдук бирикмеси Юстиция министрлигинин каттоосунан өттү

9 апрель 2020 18:54 1460 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда айрым маселелерди ийри отуруп түз кеңешип чечим кабыл ала турган “Кыргыз Республикасынын Улуттук Аксакалдар Кеңеши” коомдук бирикмеси Юстиция министрлигинин атайын каттоосунан өттү. Бул тууралуу коомдук ишмер Аскар Салымбеков билдирди.

Ал кыргыз элинини улуттук нарк-салтында Аксакалдык орун өзгөчө мааниге ээ экендигин эч ким тана албастыгын, кылымдарды карыткан тарыхыбызда “Улууга урмат, кичүүгө ызаат”, “Карынын кебин капка сал” деген нечендеген таамай макалдар Аксакалдык орундун коомдо өзгөчө сый-урматы бар экенин көрсөтүп турарын айтат. 

"Тилекке каршы, акыркы жылдарда коомубуздагы демократиялык багыттагы тез өзгөрүүлөр адамдын адеп-аклахын, ыйманын оңдоо жолуна бурбай тескерисинче улуттук нарк-салтыбызга туура келбеген ар кандай терс мамилелер пайда болуп, улуу менен кичүүнүн ортосундагы сый-урмат бузулуп, жалпы коомдогу ынтымак ыдырап баратканы да чындык. 

Калыс сөзү, турмуштан алган бай тажрыйбасы, көсөм акылы менен кийинки муунга үлгү болгон Аксакалдар инстутунан айрылуу бул улут үчүн чоң жоготуу болот. Ушул жылдын башынан эле улуу муундун улуттун нарк-салтына, коомдогу бүгүнкү абалга кайдигер карабаган бир катар өкүлдөрү “Ийри отуруп, түз кеңешип” акыл калчашып, жыйынтыгында Кыргызстандагы баардык аксакалдардын башын бириктирген бир коомдук бирикме түзүү демилгесин көтөрүшкөн. Себеби, Кыргызстан боюнча каттоодон өткөн “Республикалык”- деген макамды алып жүргөн көптөгөн Аксакалдардын коомдук уюмдары, фонддор, бирикмелер бар экен. 

50дөн ашык коомдук уюмдун өкүлдөрү, бир катар Республикалык деңгээлде жогорку кызматтарда иштешкен белгилүү инсандар, акын, жазуучулар, эл алдындагы эмгеги менен таанымал болгон Аксакалдар “Кыргыз Республикасынын Улуттук Аксакалдар Кеңеши” коомдук бирикмесин түзүү чечими кабыл алынып, аны расимий каттоодон өткөрүү демилгелүү топко жүктөлгөн. Демилге тобу өз милдетин аткарып “Кыргыз Республикасынын Улуттук Аксакалдар Кеңеши” коомдук бирикмесин мамлекеттик расмий каттоодон өткөрүп, күбөлүгүн алышты. 

Аксакалдардын “Бир жакадан баш, бир жеңден кол”- чыгарып биригиши коомубуздагы жакшылыктын чоң жөрөлгөсү болууда. Учурдагы кырдаал талап кылган тартипти сактап, биримдик менен бул ооруну жеңип, абалдан чыксак максатка жетүү иши алдыда", - деп жазды Салымбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-aksakaldar-keeshi-tshng-kajtaryluuda



Добавить комментарий