Кыргызстандын жумушсуздардын саны өсүп жатат
Бөлүшүү:
Кыргызстанда жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырганда 3,4 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз деп катталган.
Эң эле көп жумушсуздардын саны Жалал-Абад областында катталып, 22 195 адамдын туруктуу жумушу жок деп табылды, бул аталган областын калкынын 1,79 пайызын түзөт. Эң эле төмөн көрсөткүч Нарын областында болуп, 2 877 адам жумушсуз деп катталды,бул жалпы калктын 0,9 пайызына барабар.
Жумушсуздардын 46 пайызын-аялдар түзөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-zhumushsuzdardyn-sany-sp-zhatat
Добавить комментарий ×