Кыргызстандык жаш шахматчылар Шри-Ланкада өткөн мелдештен байгелүү кайтышты

20 декабрь 2022 14:46 1403 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык мектеп окуучулары Шри-Ланкада өткөн шахмат боюнча Азия чемпионатында байгелүү орунга ээ болушту. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Маалым болгондой, чемпионат Шри-Ланкада 7 жаштан 17 жашка чейинки улан-кыздар арасында өттү.

Анда 13 өлкөнүн спортчулары күч сынашты: Кыргызстан, Бангладеш, Индонезия, Индия, Иран, Казакстан, Малайзия, Мальдив аралдары, Монголия, Пакистан, Шри-Ланка, Түркмөнстан жана Өзбекстан.

Мелдеш 3 түр боюнча өттү: классикалык шахмат, рапид жана блиц.

Командалык эсепте үч күмүш сыйлыкты Аарон Пак жеңип алды.

17 жашка чейинкилер арасында Нурай Советбекова командалык эсепте жана шахматтын "рапид" категориясында күмүш медалга ээ болду.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-zhash-shahmatchylar-shri-lankada-tkn-meldeshten-bajgel-kajtyshty



Добавить комментарий