Кыргызстандын таэквондо боюнча командасы Дүйнө биринчилигинде 6 медаль жеңди

2 август 2022 13:00 988 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын таэквондо боюнча курама командасы Дүйнө биринчилигинде 6 медаль жеңди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, таэквондо ITF боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү  29-31-июль күндөрү, Амстердам шаарында (Нидерланды) өткөн дүйнө чемпионатынан  жалпы 6 медаль менен кайтышты. 

Анын 2 алтын, 4 күмүш.

12-13 жаштагылар арасында, 45 кг салмак даражада Диана Ким жана 14-17 жаштар арасындагы  60 кг салмакта Искак Аскарбеков 1-орунду ээлешти.

Өспүрүмдөр арасында 50 кг салмак даражада Владимир Хегай күмүш медаль, ал эми чоңдор арасында Айканым Асаналиева (50 кг), Алтынай Рыскулова (55 кг) жана эркектер арасында  Артем Прибытков (76 кг) күмүш медалдын ээлери болушту.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-taekvondo-boyuncha-kurama-komandasy-djn-birinchiliginde-6-medal-zhedi



Добавить комментарий