Кыргызстандын курагасы Америкада сатыла баштады
Кыргызстанда мөмө-жемиштен как чыгаруучу «Алтын Аймак» компаниясынын курагалары АКШнын "KD" чекене дүкөндөрүндө сатыла баштады. Бул туурасында barometr.kg сайтына USAIDдин Agro Horizon долбоорунун өкүлү кабарлады.
Анын айтымында Баткен областындагы мөмө-жемиштен как чыгаруучу «Алтын Аймак» ишканасы АКШдагы жаңы сатып алуучуларына 3 тоннадан ашык курага жеткирүү боюнча келишимге кол койду.
2018-жылдын апрель айынан баштап «Алтын Аймак» Америкадагы башка сатып алуучуларына 30 тоннадан ашык кургак мөмө-жемиш жөнөткөн.
Эми «Кыргызстанда жасалган» деген маркадагы курага Америкада сатыла баштады. Аны Амазондо тапшырыка берүүгө да болот.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-kuragasy-amerikada-satyla-bashtady
Добавить комментарий ×